Өзбекстанда келечекте жылына 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын берчү АЭС курулуп баштады

Өзбекстанда келечекте жылына 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын берчү АЭС курулуп баштады

Өзбекстандын Жизак облусунда келечектеги атом электр станциясынын (АЭС) курулуш аянтчасында алгачкы бетон иштери башталды. 24-мартта куруучулар РИТМ-200Н аттуу аз кубаттуу реактордун имаратынын пайдубалын куюуну башташты деп билдирет Podrobno.uz.

Учурдагы этапта болжол менен 900 куб метр көлөмүндө бетон даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Адистер реактор имаратынын фундаментине негиз түзүп, анын гидроизоляциясын жана жерге туташтыруу системасын камсыздап жатышат. Бул этапты апрель айында аяктоо пландалууда.

АЭС долбоордук кубаттуулукка чыккан соң жылына болжол менен 15,4 млрд кВт·саат электр энергиясын өндүрөт. Бул өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн 15%дан ашыгын камсыздайт.

Энергетикалык көрсөткүчтөрдөн тышкары, кол коюлган жол картасы социалдык багыттарды да камтыйт. Алардын ичинде жогорку квалификациялуу улуттук кадрларды даярдоо жана келечектеги атомчулар шаарынын инфраструктурасын түзүү бар.

Фариш районунда курулуп жаткан бул станция Өзбекстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоор болуп эсептелет. Объекттин болжолдуу иштөө мөөнөтү кеминде 60 жылды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объекттерин текшерүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Кара-Көл шаарынын Көк-Бел участкасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталды. Маалым болгондой, тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан

Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат

Нарын дарыясына 210 метрлик заманбап көпүрө курулат

Президент Садыр Жапаров Бишкек – Ош унаа жолундагы Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу боюнча Япония менен түзүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Доументке ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда (трассанын 315-чакырымында) узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курулат. Жаңы көпүрө 1964-жылы курулуп, учурда жүк көтөрүү жөндөмүн жоготкон эски көпүрөнүн ордуна

Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 220–269.9-чакырымдарында жол жээктерин кырып-сүрүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо жана бузулган тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкек шаарында тургундарга жана инфраструктурага кооптуу болгон куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык бутоо жана алып салуу иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул аймакта буга чейин жашыл көчөттөр жаңыланып, эски дарактардын ордуна бийиктиги 4 метрге чейин жеткен карагай (ольха) көчөттөрү отургузулган. Мындай иштер экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн көркүн арттырууга жана