Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды
Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт.
Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 20 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя катары берет. Калган 6 млн евро инвестициялык грант жана долбоорду башкарууга техникалык жардам катары бөлүнөт.
Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, 500 киловольттук жаңы линия Ысык-Көл облусу үчүн абдан маанилүү. Ал эски тармактардагы жүктөмдү азайтып, эң негизгиси — аймакта курулуп жаткан күн жана шамал электр станцияларынан алынган энергияны берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Долбоорду ишке ашыруу улуттук энергосистеманы чыңдоого жана анын транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.