Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?
Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат.
"КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана күн электр станцияларынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алууга милдеттүү. Эң жогорку тариф 4 сом 42 тыйын. Бирок жакында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, эми аукцион өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анын жардамы менен биз электр энергиясына эң пайдалуу тариф сунуштаган компанияны тандай алабыз", — деди ал.
Айрым депутаттар Энергетика министрлигинен КЖЭБден алынган электр энергиясынын так тарифи боюнча так жооп ала албай жатышканын белгилешти.
Министрдин орун басары ар бир жаңылануучу энергия булагы үчүн тариф ар башка болорун, бул электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдардын айырмачылыгы менен түшүндүрүлөрүн кошумчалады.