Кичи ГЭСтердин кубаттуулук чеги 50 мВтка чейин жогорулатылат
Кыргызстанда кичи гидроэлектростанциялардын (ГЭС) максималдуу кубаттуулугу 30 мегаватттан 50 мегаваттка чейин жогорулатылат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда жактырылды.
Документ кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев азыркы кубаттуулук чеги экономикалык жактан пайдалуу жана инвесторлор үчүн кызыктуу болгон долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр жаңы инвесторлорду тартууга жана тармакка заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Маалыматта белгиленгендей, 50 мегаваттка чейинки станциялар энергетикалык системага олуттуу тобокелчиликсиз натыйжалуу кошула алат. Ошол эле учурда алар ички суроо-талапты камсыздоого салым кошуп, сезондук мезгилде гидроресурстарга болгон көз карандылыкты азайтат.
Өткөн жылы өлкөнүн энергетика тармагына 8 жаңы кичи ГЭС кошулган. Алардын жалпы кубаттуулугу 44,59 мегаваттты түзгөн. Жаңы объекттердин ишке кириши менен республикадагы бардык кичи ГЭСтер өндүргөн электр энергиясынын көлөмү 400 млн киловатт-сааттан ашкан.