Кыргызстан менен Татарстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн "ЭНЕРГОПРОМ" эл аралык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Татарстандагы ири энергетикалык компаниялардын ортосунда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев катышты.
Сапардын жүрүшүндө делегация Татарстандагы алдыңкы өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Сүйлөшүүлөрдө бир катар маанилүү багыттар каралды. Анын ичинде электр тармактары үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгуу, электротехникалык жабдууларды жеткирүү, энергияны эсепке алуунун “акылдуу” системаларын киргизүү жана энергетикалык процесстерди санариптештирүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле жашыл энергетиканы өнүктүрүү, анын ичинде электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар продукцияны жеткирүү менен чектелбестен, Кыргызстандын аймагында өндүрүштү локалдаштыруу маселесин талкуулашты. Бул багытта кабелдик продукцияларды, бөлүштүрүүчү жабдууларды жана эсептегичтерди чогултуу, ошондой эле келечекте биргелешкен ишканаларды түзүү пландалууда.
Белгиленгендей, бул демилгелер энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.


