Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?
Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди.
Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Шабдан Баатыр көчөсүндө узундугу 1 миң 80 метр болгон жылуулук тармактары реконструкцияланат. Түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилет. Бул тармак 1989-жылы пайдаланууга берилген, иш жүзүндө 37 жыл кызмат өтөгөн, ал эми нормативдик мөөнөтү 25 жыл.
Фрунзе көчөсүндө иштер 1 миң 120 метрлик тилкеде жүргүзүлөт. Бул жерде түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин чоңойтулат. Тармак 1988-жылы курулуп, 38 жылдан бери пайдаланылып келет, нормативдик кызмат мөөнөтү 25 жыл.
Мэриядан маалымдашкандай, реконструкция аяктагандан кийин жол толугу менен калыбына келтирилет. Иштер 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүп, транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен макулдашылган.