Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон.

Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда. Алар жылына болжол менен 348,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Чакан ГЭСтер Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен жана Нарын облустарында курулууда.

Эске салсак, 2021-2025-жылдары өлкөдө жалпы кубаттуулугу 109,8 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке берилген. Алар жылына 427 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Мындан тышкары, 2026-2030-жылдары жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон 48 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

Энергетика министрлиги белгилегендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жакынкы жылдары Кыргызстанды электр энергиясын импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кошуу максат кылынууда.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын дарыясынын жээгинде жашагандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинде жашаган жарандарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулган. Анын алкагында дарыяга жакын жашаган тургундарга атайын даярдалган эскертүү баракчалары таратылды. Анда суу жээгинде жүрүм-турум эрежелери, айрыкча жаш балдарды көзөмөлдөө

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Мэр: Айтматов менен Тыналиев көчөлөрүн бириктирген жолдун курулушу жакында башталат

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн бириктирген жаңы жолдун курулушу жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев жеринде таанышуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бул жол унаа тыгындарын толук жойбосо да, шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга олуттуу салым кошот. Ошондой эле мэр Миңжылкыев көчөсүнө Бакаев

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны