Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет - кол коюлду

Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет - кол коюлду

Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого 8 млн долларлык грант берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

КРнын Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви, Швейцариянын КРдагы элчиси Оливье Бангертер жолугушуп, анда Швейцария өкмөтүнүн КРдагы энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого бере турган 8 млн долларлык грантка кол коюлду.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер белгилегендей, жаңы долбоор каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, калктын аялуу катмарын социалдык коргоо механизмин түзүүгө жардам берет.

«Дүйнөлүк банк энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин позициясын жана келерки он жылдыкка реформалоо боюнча сунуштаган жол картасын толугу менен колдойт», – деди Навид Хасан Накви.

Ошондой эле жолугушууда Бакетаев Дүйнөлүк банктан КР менен кызматташуунун жаңы Стратегиясын бекитүүнү тездетүүнү суранды.


Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет

Швейцария өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусунун элине 450 миң доллар берет

Швейцария “КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу” долбооруна 5 млн франк берди

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып