Жаратылыш ресурстары министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар насыя алды

Жаратылыш ресурстары министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар насыя алды

Дүйнөлүк банктан алынган 50 млн доллар насыянын бир бөлүгүн министрлик Бишкектин калктуу конуштарын газдаштырууга жумшайт. Бул тууралуу министр Динара Кутманова борбор калаанын экологиялык коопсуздугун камсыздоо көйгөйлөрүн чечүүгө арналган тегерек столдо билдирди.

Жыйында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев 50 млн доллардын 16 миллионун борбор калааны ирригацияга бөлүү маселеси ачык бойдон калганын билдирди.

«50 миллион доллардын 24 млн доллары жеке секторду газдаштырууга, күн батареяларын орнотууга, жылуулук менен камсыздоонун кошумча булактарына кетет. Ирригацияга 16 млн доллар, экологиялык мониторинг системасын түзүүгө 10 млн доллар убада кылынган”, – деди Кутманова.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана