РКӨФ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлөт

РКӨФ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлөт

Россия-кыргыз өнүгүү фонду менен ЕӨБ Нарын облусундагы 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСинин курулушун биргелешип каржылоо боюнча кредиторлор аралык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу РКӨФнун маалымат кызматы билдирди.

«ГЭСтин ишке кириши өлкөбүздөгү энергетикалык тартыштыкты дээрлик 20% кыскартууга жардам берет. Аны курууда 1000 жумушчу орун түзүлөт, ал эми ишке берилгенден кийин 100гө жакын. Станция Нарын дарыясында ГЭС каскадынын сериясындагы биринчи станция болот», - деди фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Ошондой эле, дамба менен суунун деңгээлин көтөрүү сугат жерлеринин аянтын 7.2 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин Куланак ГЭСинин курулушунда буга чейин чоң көлөмдөгү даярдык иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

11 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

11 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Түп райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик жерлерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Балбай айыл аймагындагы аянты 5 гектар болгон жайыт жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен 2010-жылы жеке менчикке өткөрүлүп берилгендиги жана Түп айылындагы айыл чарба багытындагы аянты 0,

Манас шаарында өтмөк жолдор жана көпүрөлөр сырдалып жатат

Манас шаарында өтмөк жолдор жана көпүрөлөр сырдалып жатат

Манас шаарындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жолдор жана көпүрөлөр тазаланып, сырдалууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, тазалыкты камсыз кылуу жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аткарылууда. Аталган иштерди Манас шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Жергиликтүү бийлик

Чоң-Кемин суусу көтөрүлүп, Кемин – Шабдан  жолун суу каптады

Чоң-Кемин суусу көтөрүлүп, Кемин – Шабдан  жолун суу каптады

Чоң-Кемин суусунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунун 3-чакырымындагы жол жээги жуулуп кеткен.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда министрликке караштуу №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан суунун нугун буруу жана селден жабыркаган тилкени калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.  Аталган иштерге 2 жүктөгүч жана 1

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 214 – 270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок – Кубакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеде жолго түшкөн таштарды тазалоо жана катуу жаандан кийинки кесепеттерди жоюу иштери жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдорду тазалоо иштери №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Учурда аталган унаа