Фермерлерге 187 млн сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өндүрүмдүүлүгү жогору асыл тукум малдарды сатып алуу үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинети бекиткен “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору боюнча жеңилдетилген насыяларды берүү жараяны жүрүп жатат.
Аталган долбоорду “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ишке ашырууда. Жалпы насыянын көлөмү 1,8 млрд сомдон ашат.
Долбоордун алкагында, 25-сентябрда өлкө боюнча 52 фермер же чарба жалпы суммасы 187,63 млн сом болгон жеңилдетилген насыя алышты.