Мамлекеттик питомниктерди жаңылоо үчүн 534 миң долларлык грант берилет

Мамлекеттик питомниктерди жаңылоо үчүн 534 миң долларлык грант берилет

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде көчөт өстүрүү боюнча мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө гранттык каражаттар бөлүнүп, гранттык келишимдерге кол коюлду. Жалпы каржылоонун көлөмү 534 миң АКШ доллары түзөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чара "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ" долбоорунун алкагында уюштурулду. Конкурстун жыйынтыгында Ош токой чарбасы, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы, Кара-Кулжа токой чарбасы жана Кыргыз улуттук агрардык университети жеңүүчү деп табылып, гранттык келишимдерге кол коюлду. Конкурска 16 арыз түшкөн, катышуунун негизги шарттары катары кеминде 5 гектар жер тилкеси жана бизнес-план талап кылынган.

Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, заманбап питомниктер токойлорду калыбына келтирүү жана экологияны жакшыртуу боюнча инвестиция гана эмес, экосистемаларды калыбына келтирүүнүн негизин түзөт. Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев кошумчалады: “Питомниктер региондор үчүн туруктуу көчөт өндүрүү булагы болуп, өлкөнүн "Жашыл Мурас" программасын колдоого шарт түзөт”.

Долбоордун алкагында питомниктер жылына 2 миллионго чейин көчөт (жаңгак, мөмө-жемиш жана кооздук дарактар) өндүрүүгө мүмкүндүк алат. Өндүрүлгөн көчөттөр токой чарбаларына, токой пайдалануу субъекттерине жана башка кызыкдар тараптарга берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык