Сауд Арабиясы Кыргызстанда мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар насыя бөлөт

Сауд Арабиясы Кыргызстанда мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар насыя бөлөт

Долбоордун II фазасынын алкагында Сауд Арабиясы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мектептерди курууга 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Жантелиев билдирди.

Маалымат 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоору (II фаза) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.

Анын айтымында, кредиттик каражаттар 25 жылдык мөөнөткө доллар менен берилет жана Бишкек шаарында беш жаңы мектепти, ошондой эле учурдагы мектептерге жети кошумча окуу корпусун курууга, мындан тышкары Чүй облусунда 150 орундуу жана 1 миң окуучуга чейин эсептелген эки жаңы мектепти курууга багытталат.

Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылга пландалып, 2029-жылы аяктайт. Анын ичинде эки жыл курулуш иштерине, ал эми бир жыл кепилдик мөөнөткө каралган.

Министрдин орун басарынын айтымында, долбоордун биринчи фазасы мурда ийгиликтүү ишке ашырылган.
"Бул макулдашууну ишке ашыруунун негизги максаты — сапаттуу билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана мамлекеттик мектептерди куруу аркылуу социалдык инфраструктураны жакшыртуу", — деп кошумчалады Самат Жантелиев.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди. УКМК маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү. Ага ылайык: * мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому; * мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы