ЖК аймактардагы суу долбоорлору үчүн 20 млн доллар насыяны жактырды
Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн кредиттик макулдашууну биринчи окууда колдоду. Анын алкагында аймактардагы суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн 20 миллион доллар каражат тартылат.
Маалыматка ылайык, бул каражаттар Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушта таза суу жана санитария шарттарын жакшыртууга жумшалат. Долбоор жалпы бюджети 200 миллион болгон улуттук программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.
Кредит 20 жылга берилет, анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Пайыздык чен жылына 1,25%деңгээлинде белгиленген.
Ошондой эле комитет жыйынында мал чарбасындагы асыл тукум ишин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Документ тармактагы укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган.
Депутаттар асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү фермерлерди колдоого, эт рыногундагы туруктуулукка жана жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзүшү керектигин белгилешти.