Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен тизмедеги асыл тукум заводдорго, фермердик чарбаларга, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, жеке ишкерлерге, асыл тукум мал импорттоочуларга жана уруктандыруу техниктерине берилет.

Каржылоо төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • асыл тукум мал сатып алуу;
  • чарбаларды модернизациялоо;
  • мал чарба объектилерин куруу жана реконструкциялоо;
  • заманбап технологияларды киргизүү.

Программа ири мүйүздүү малдын ала-тоо, герефорд, голштин, симментал, айшир, бура швиц жана галловей породаларын багууну колдойт.

Насыянын шарттары:

  • суммасы — 20 млн сомго чейин (уруктандыруу техниктери үчүн 2 млн сомго чейин);
  • мөөнөтү — 60 айга чейин;
  • жеңилдик мөөнөтү — 6 ай;
  • 500 миң сомго чейин — күрөөсүз;
  • күрөө жетишсиз болгон учурда Гарантиялык фонддун кепилдиги каралган.
Банктын маалыматына ылайык, программа агрардык сектордун туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Кошумча маалыматты "Элдик Банктын" филиалдарынан жана расмий сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкекте үйүнөн ажыраган 8 жаранга 1 млн сомдон камсыздандыруу берилди

Бишкек шаардык мэриясында мамлекеттик камсыздандыруу аркылуу турак жайынан ажыраган тургундар менен жолугушуу өттү. Маалыматка ылайык, бүгүн сегиз жаранга жоготкон турак жайы үчүн камсыздандыруу төлөмү катары 1 миллион сомдон берилди. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдиргендей, Бишкек шаарында камсыздандыруу менен камтуу көрсөткүчү 25%га жетти. Бирок бул үлүштү дагы көбөйтүү зарыл, анткени кырсык

Бишкекте “Росатомдун” экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте “Росатомдун” экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргыз Республикасынын долбоорлору ыктыярчылык кыймылын жана социалдык демилгелерди өнүктүрүү үчүн гранттык колдоого ээ болду. 25-февралда Бишкек шаарындагы Орус үйүндө экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан мыкты деп табылган демилгелердин авторлору катышып, өз идеяларын ишке ашыруу үчүн гранттарга ээ болушту. Сынак “Росатом” мамлекеттик

Мамлекеттик салык кызматы 4 179 куту жараксыз татууларды аныкташты

Мамлекеттик салык кызматы 4 179 куту жараксыз татууларды аныкташты

Мамлекеттик салык кызматы мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда инспекторлор 4 миң 179 куту мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды аныкташкан. Жүктүн жалпы салмагы болжол менен 11 тоннаны түзгөн. Бирок коштоочу документтерде ташуучу 7 тонна гана деп

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар