Бишкекте “Росатомдун” экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте “Росатомдун” экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргыз Республикасынын долбоорлору ыктыярчылык кыймылын жана социалдык демилгелерди өнүктүрүү үчүн гранттык колдоого ээ болду.

25-февралда Бишкек шаарындагы Орус үйүндө экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан мыкты деп табылган демилгелердин авторлору катышып, өз идеяларын ишке ашыруу үчүн гранттарга ээ болушту. Сынак “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен Е.М. Примаков атындагы тышкы саясий кызматташтык борбору тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан, Индия, Түркия, Казакстан жана Өзбекстанды камтыды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору тапшырышты.

Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылып, жергиликтүү жамааттарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, иш-чара үчүн аянтча түзүп берген өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. “Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы негизги милдети – досторубузду Россия Федерациясындагы эң мыкты, заманбап жана пайдалуу демилгелер менен тааныштыруу. Албетте, мындай долбоорлорго “Росатомдун” демилгелери да кирет. Бүгүн “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен коммерциялык эмес уюмдар үчүн уюштурулган биринчи гранттык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сунушталган долбоорлор жаштардын социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүгө болгон кызыгуусун көрсөтүп турат. Алар калктын аярлуу катмарларын колдоодон тартып, экологиялык маданиятты калыптандырууга жана санариптик чечимдерди киргизүүгө чейин ар кыл багыттарды камтыйт. Берилген гранттык колдоо командаларга өз идеяларын ийгиликтүү ишке ашырууга жана Кыргызстанда жашоо сапатын жакшыртууга, ыктыярчылыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот деп ишенем”, – деди ал.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова: “Экологиялык демилгелерди эл аралык деңгээлде колдоо – бул өлкөбүздүн жаратылышына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруудагы маанилүү кадам. Кыргызстандын жаштары жайыттарды сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү маселелерине активдүү катышып жатканы кубандырат. Бүгүн гранттык колдоого ээ болгон “Чыйырчык” жана “EcoDigital” сыяктуу долбоорлор заманбап санариптик чечимдер менен ыктыярчылардын демилгеси табигый ресурстарыбызды коргоодо натыйжалуу курал боло аларын көрсөтүп турат. Экологиялык багыттагы иштерди теориялык деңгээлден коомго пайдалуу практикалык аракеттерге өткөрүүгө көмөктөшкөн “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын демилгелерин кубаттайбыз”, – деп белгиледи.

Кыргызстандан калктын аярлуу катмарларына жардам көрсөтүү, жаштарды экологиялык демилгелерге тартуу, коом үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ыктыярчылыкты жайылтуу багыттары боюнча конкурстук тандоодон өткөн беш долбоор гранттык колдоого ээ болду.

Жеңүүчүлөрдүн катарында көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган инклюзивдүү ыктыярдуулук мектебинин “Жүрөк менен көрүү” долбоору бар. Ошондой эле, өсүп келе жаткан муун арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган “Достук дарагы” демилгеси жана ыктыярчылык маданиятын өнүктүрүүгө арналган “Жаштар – таза шаар үчүн” долбоору гранттык колдоого татыды. Мындан тышкары, интерактивдүү формат аркылуу жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган “Чыйырчык: жайыттарыбызды коргойбуз” аттуу экологиялык квест жана социалдык-экологиялык маселелерди чечүүдө ар түрдүү муундарды бириктирген санариптик чечимдердин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн “EcoDigital” долбоору да гранттык колдоого ээ болду.

“Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов: “Социалдык жоопкерчилик жана экологиялык багыт “Росатом” иш алып барган ар бир өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз аймактын туруктуу келечеги жогорку технологияларга гана эмес, кайдыгер эмес адамдардын дем-күчүнө да таянат деп ишенебиз. Бүгүн жеңишке жеткен долбоорлор – бул республиканын жаштары тарабынан иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттарга багытталган чечимдер. Биздин милдет – бул демилгелердин өнүгүшүнө керектүү түрткү берүү, ошондо ыктыярчылык жана экологияга кам көрүү ар бир жарандын жашоосунун табигый бөлүгүнө айланат”, – деди ал.

Расмий бөлүктөн кийин долбоорлордун авторлору өз демилгелерин кеңири тааныштырышты. Алар максаттарды гана эмес, аларга жетүүнүн практикалык кадамдарын да баяндап, ыктыярчылар менен иштөө, санариптик инструменттерди колдонуу жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу маселелерине токтолушту. Катышуучулар Е.М. Примаков атындагы Тышкы саясий кызматташтык борборунун эксперттери менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу планын талкуулап, уюштуруучулук маселелер боюнча кеңеш алышып, отчеттук документтерди даярдоо жана келишим түзүү тартибин карап чыгышты. Бул демилгелерди ишке ашыруунун активдүү фазасына өткөнүн билдирет.

Маалымат үчүн: Экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагы ыктыярчылыкты өнүктүрүү, социалдык демилгелерди колдоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында экинчи жыл катары менен өткөрүлүп келет. 2024-жылы сынак Кыргызстанда, Египетте, Түркияда, Бангладеште жана Өзбекстанда уюштурулган. Ал эми 2025-жылы Кыргыз Республикасы, Индия, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген уюмдардын арыздары каралган. Сынактын уюштуруучулары – Энергия развития” автономдуу коммерциялык эмес уюму (“Росатом” мамлекеттик корпорациясы) жана Е.М. Примаков атындагы Тышкы саясий кызматташтык борбору. Сынактын максаты – ыктыярчылыкты жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү, жаштардын потенциалын ачууга, калктын жашоо-шартын жакшыртууга, аярлуу топторго жардам көрсөтүүгө багытталган демилгелерди аныктоо жана колдоо, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүү.

2025-жылы Кыргызстанда сынактын уюштуруучулары гранттык колдоого ээ боло турган 5 долбоорду аныкташты. Жеңүүчү долбоорлордун бири Жалал-Абад шаарындагы Сарыгул Алчынбаев жетектеген “ТОЛЕСФОР” экологиялык коомдук фондунун “Жаштар – таза шаар үчүн” демилгеси болду. Долбоор “ЭкоЖаран” ыктыярчылар тармагын түзүү аркылуу ыктыярчылыкты жана экологиялык маданиятты жайылтууга багытталган. Демилгенин алкагында жаштар санариптик технологияларды жана дрондорду колдонуу менен айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүп, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча программаларды иштеп чыгышат.

Экинчи жеңүүчү – Алай районундагы “Гармония” көп функционалдуу коомдук бирикмеси сунуштаган “Чыйырчык: жайыттарыбызды коргойбуз” аттуу экологиялык квест болду. Долбоор Гульнара Онкошованын жетекчилиги алдында бийик тоолуу жайыттарда ишке ашырылып жаткан долбоор экологиялык маданиятты калыптандыруу жана топурактын деградациясын азайтуу максатында билим берүүчү квесттерди өткөрүүнү, көчөттөрдү отургузууну жана маалыматтык такталарды орнотууну камтыйт.

Жеңүүчүлөрдүн катарында Балыкчы шаарындагы “Ресурсный центр для пожилых” коомдук бирикмесинин “EcoDigital: Экологиялык жана социалдык өнүгүү үчүн муундар аралык чечимдер” аттуу долбоору да бар. Демилгенин автору Баштовенко Светлана Николаевна муундарды бириктирүү максатында санариптик чечимдерди киргизүүнү сунуштаган. Долбоор улгайган адамдар үчүн санариптик технологиялар боюнча тренингдерди өткөрүүнү жана социалдык-экологиялык демилгелерди колдоого багытталган санариптик инструменттерди иштеп чыгуу боюнча биргелешкен хакатон уюштурууну камтыйт.

Төртүнчү жеңүүчү болуп Бишкек шаарындагы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун “Жүрөк менен көрүү” аттуу инклюзивдүү ыктыярчылык мектеби табылды. Долбоор Усупова Жыпар Качкынбаевна жана Тюлебаева Тахмина Казакбаевнанын жетекчилиги алдында ишке ашырылып, көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган. Демилгенин алкагында ыктыярчылар жаңсоо тилинин негиздерине жана Брайль алиппесине окутулуп, биргелешкен инклюзивдүү иш-чаралар уюштурулат.

Бешинчи жеңүүчү болуп Талас облусундагы “Жаш Муун” коомдук фондунун Полунина Юлия Александровна жетектеген “Достук дарагы” долбоору табылды. Бул демилге бак-дарактарды отургузуу, аймактарды көрктөндүрүү жана билим берүүчү мастер-класстарды өткөрүү аркылуу экологиялык жана социалдык миссияны айкалыштырып, муундар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөгө биргелешип кам көрүү салтын калыптандырууга багытталган.

Сунушталган бардык демилгелер социалдык мааниге ээ болуп, Кыргыз Республикасынын аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.