Айылдарды өнүктүрүүгө 26 млн сомго чейинки гранттар бөлүнөт
Коомдоштуктардын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан улуттук долбоордун алкагында айыл аймактарында экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн тандоо жыйыны өттү.
Тандоо комиссиясынын курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын жана "Бир айыл — бир продукт" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди.
Сынакка 40 айыл аймак чакырылып, анын ичинен 37си катышты. Жыйын онлайн форматта ачык өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, тандалган айыл аймактарына 26 млн сомго чейин гранттык каражат бөлүнөт. Жалпысынан кеминде 15 айыл аймагы каржыланат.
Долбоорлор жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы ишканаларды ачууга жана аялдар, жаштар үчүн жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Алар "Бир айыл — бир продукт" концепциясынын негизинде ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, долбоор АРИС тарабынан ишке ашырылып, Экономика министрлиги тарабынан координацияланат. Каржылоону Дүйнөлүк банк камсыздап, жалпы көлөмү 27 млн долларды түзөт.