Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымына караганда, пенсиялык камсыздоонун азыркы модели он жылдан кийин жок болушу мүмкүн, андыктан бул тармак жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда. Аталган документ коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

Кыргызстанда проблемалардын бүтүндөй комплекси бар: калктын көпчүлүгүндө кирешенин аздыгы, эмгек миграциясынын деңгээлинин жогорулугу, жарандардын пенсиялык фондго төлөнчү төлөмдөрдөн качуусу,  эмгек акыны «конверт» менен берүү. Ушулардын баары  пенсиялык камсыздандыруу тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда.

КРда бир пенсионерге пенсиялык салымдарды төлөөчү эки адам туура келет.  Эмгек миграциясынын жогору даражада экенин жана  фермерлер  жана өзүнө өзү иш тапкан  адамдар пенсиялык салымдардын жалпы суммасына  адекваттуу  салым  кошпой жаткандыгын эске алганда, пенсионер менен  пенсиялык салым төлөөчүнүн ортосундагы реалдуу салыштырма салмак бир пенсионер  – бир төлөөчү деген деңгээлге жакындап калды.

Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) сунуштамаларына ылайык, бир пенсионерге кеминде үч салым төлөөчү туура келиши керек. Эгерде  мындай кырдаал өзгөрбөсө,  пенсиялык камсыздоонун азыркы модели бардык пенсионерлерге таасир бербей калат, ал бат эле начарлайт, ал эми  10 жылдан  кийин жөн эле кулап калат.

Пенсиянын өлчөмүнүн эмгек акынын көлөмүнө бир аз да болсо көз карандылыгы пенсияларды чогултууга карата кызыкчылыктарды жаратпайт.

Пенсиялык фонддо каражаттар жетишпей калганда,  факт жүзүндө алардан  пенсиялык топтолмолордун орчундуу бөлүгүн муктаж адамдардын пайдасына алып коюшат.

Жаңы мыйзам долбоору үч пенсиялык фонд түзүүнү сунуштайт:

  1. Камсыздандыруу фонду – бардык негиздер боюнча алына турган эмгек акыдан 2%.  Мында негизги көңүл пенсиялык системанын  тилектештик бөлүгүнө бөлүнөт, ал майыптыгы боюнча  жана багуучусун жоготкон учур боюнча пенсияларды төлөө үчүн пайдаланылат.
  2. Негизги фонд – бардык негиздер боюнча алына турган эмгек акыдан 13% өлчөмүндөгү салым. Пенсиялык мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик пенсиялык  социалдык камсыздандыруу стажына (эркектерге 25 жыл,   аялдарга 20 жыл) ээ болгон адамдарга  пенсиянын мамлекет кепилдеген бөлүгү.
  3. Топтолмо фонд – бардык негиздер боюнча алына турган эмгек акыдан 13%  өлчөмүндөгү салым. Жарандардын өздүк пенсиялык эсептерине  чегерилет.
Камсыздандыруу фонду бардык мезгилдерде стабилдүү жана өзгөрүлбөгөн бойдон калат.

Улуттук валюта алсыз болууда, ал эми кыргызстандык компаниялардын акциялары – узак мөөнөттүү келечекке карата алганда өтө тобокелдүү болуп саналат, аларды чет өлкөлүк валютага жана глобалдык компаниялардын акцияларына  инвестициялоо мүмкүн эмес, ошондуктан алтынга негизделген пенсия долбоору сунушталууда.

«Алтын» пенсия

Алтын. Акыркы жүз жылда  алтындын наркы  АКШ долларына карата дээрлик 100 эсеге жана азыркы  кылымдын башынан бери болжол менен жети эсеге  өстү.

Пенсиялык топтолмо фонддун 50%ын алтын, ал эми экинчи 50%ын улуттук валюта менен түзүү сунушталууда. Долбоорду сунуштагандардын пикиринде, бул пенсиялык фонддордун бекем ишенимдүүлүгүн камсыз кылат жана баалардын төмөн түшүүсүнөн да коргойт.

Ар бир үч жылда жарандар өздөрүнүн пенсиялык топтолмолорунун жарымын  улуттук валютада алтынга конвертациялоого жана  бул каражаттарды  турак жай жана  коммерциялык кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн пайдаланууга укуктуу болот (бирок милдеттүү болбойт).

Алсыз болуп келе жаткан улуттук валютаныы  күчтүү алтындын орчундуу үлүшүнө айкалыштыруу – Кыргызстан жарандарынын пенсияларын  валютасы күчтүү өлкөлөргө салыштырганда баалардын төмөн түшүүсүнөн коргойт.

  • Пенсияга чыккандан кийин жарандарга өздөрүнүн жеке пенсиялык эсептериндеги бардык каражаттарды «шашылыш алууга» уруксат берүүгө болбойт. Каражат алуунун ар айлык максималдуу ченемин белгиленет. Мунун эсептөөсү жөнөкөй эле – топтолгон сумманы кызмат кылуунун аяктоосунун болжолдонгон мөөнөтүнө чейин калган айлардын санына бөлүү керек. Жыйынтыгын чыгарып, буга дагы эки-үч жылды кошуу керек, бул болсо адамдарда карыганда нанга акчасы калышы үчүн керек. Адам өлгөн учурга карата бардык каражаттар коротулбаган болсо, алар анын мураскерлеринин топтолмо пенсиялык фонддоруна которулат.
  • Пенсионерлерге акчалар улуттук валютада төлөнүп берилет. Бул учурда алтын – төлөм каражаты эмес, ал болгону антиинфляциялык актив болуп саналат. Пенсионерге тийиштүү болгон сумма улуттук валюта түрүндө тең үлүштөрдө жана каражаттарды алтынга конвертациялоо жолу менен төлөнөт.
  • Дүйнөдө азыркы убакта тез өнүгүп жаткан, блокчейн технологияларына негизделген цифралык платформалар бар. Алар акчаны улуттук валютада да, ошондой эле алтын түрүндө да сактоону кепилдейт. Болгону аларды Кыргызстандын финансылык рыногуна чыгаруу керек.

Read more

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

«Альянс Алтын» «жашыл» энергетика жана адам капиталына инвестициялоо курсун белгиледи

Ысык-Көлдө өткөн VII кыргыз-орус экономикалык форумунда «Альянс Алтын» компаниясы өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Негизги көңүл Талас районундагы «Жерүй» кичи ГЭСинин курулушуна жана ЖОЖдор менен биргеликте билим берүү демилгелерин баштоого багытталган. Кубаттуулугу 28 МВтка чейинки диверсиялык ГЭСти куруу боюнча инвестициялык долбоорду «Альянс

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас өнүктүрүү фонду минералдык суу чыгаруучу кичи заводду ишке киргизүүгө колдоо көрсөттү

Талас районунун Беш-Таш айылында быйыл күзүндө Арашан бренди менен ичүүчү минералдык суу чыгаруучу кичи завод иштей баштайт. Долбоор Талас районунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Башкармалыкта белгиленгендей, ишкананын курулушуна 10,1 млн сом каралса, анын 7 млн сому жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

Альянс Алтын лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык аккредитациясын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын Борбордук анализ жана аналитикалык лабораториясы ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына ылайыктуулугу боюнча аккредитациялык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компания белгилегендей, бул стандарт сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына талаптарды белгилейт жана алардын масштабына карабастан лабораториялык сыноолорду жүргүзгөн бардык уюмдарга жайылтылат. Аккредитация

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди. Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон. Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес,