Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кечээ Ашхабадда акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форуму болду. Анда Беларустун, Өзбекстандын, Россиянын, Түркмөнстандын, Индиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын тергөө органдары менен финансылык чалгындоо кызматтарынын өкүлдөрү катышканын Россия Федерациясынын Тергөө комитетин билдирди. 

Форум катышуучулары криптовалюталарды мыйзамга каршы максатта пайдалануу менен күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кирешелерди жашыруу боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн айрым аспектилерин ортого салышты. Ошондой эле алар Активдерди кайтаруу багытында акчанын изин жашырууга каршы финансылык күрөшүү чараларын иштеп чыгуу тобунун стандарттарын (Financial Action Task Force, FATF) ишке ашырууну талкуулашты. 

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин билдиришинче, россиялык тергөөчүлөрдүн  кылмыш ишинин фигуранттарынын мүлкүн издеп, аны камакка алуу боюнча укуктук программасы аудиториянын кызыгуусун жараткан. Ошондой эле россиялык тергөөчүлөрдүн криптоактивдерди кылмыштуу максатта пайдалануу фактысын аынктоо тажрыйбасы катышуучуларды кайдыгер калтырган эмес.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-тажик кесиптик бирликтери кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту

Кыргыз-тажик кесиптик бирликтери кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын кесиптик бирликтер федерациялары кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашууга кол коюшту. Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, макулдашуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эмгекчилердин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүүгө багытталган. Тараптар эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жана коопсуздук, социалдык өнөктөштүк, кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнч

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкек шаарындагы "Дельфин" бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлдү. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүштү. Текшерүүнүн

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата жарандарга 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери тууралуу жалган маалымат таралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жасалма жарыяда жарандарга атайын шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөм алуу сунушталууда. ИИМ мындай шилтемелерге кирбөөгө, жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде жарык убактылуу өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүүлөрдү алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Бишкек шаарында төмөнкү аймактарда: - 09:30–17:00 — Чүй проспектиси, №45, 47,