Июнь айына карата Бишкектен башка өлкөлөргө авиабилеттер канча турат?

Пандемияга байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден кийин, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдар акырындап калыбына келүүдө. Бирок авиабилеттердин баасы бир кыйла кымбаттаганы байкалган. Учурда аба каттамдардын наркы акырындык менен төмөндөп жатат, бирок баалар пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу жогору бойдон калууда.
Эми Кыргызстандын жарандары коңшу мамлекеттерден тышкары Түркия, Египет, Мальдив аралдары, Шри-Ланка, Грузия жана Россияга уча алышат. Казакстанга болсо аба каттамы менен гана жетүүгө болот.
Economist.kg редакциясы ар кайсы шаарларга жана өлкөлөргө авиабилеттердин учурдагы бааларына сереп даярдады.
Бардык жүргүнчүлөр каалаган өлкөгө учуу үчүн терс ПЦР-тестинен өтүшү керек. Баса, жакында эле Россияда чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнүн сөзсүз себеби болуш керек деген шарт жокко чыгарылып, анын ордуна «COVID-19суз саякаттоо» тиркемеси менен баруу жетиштүү болуп калган.
Москвага билеттердин баасы орто эсеп менен 32 миң сомдон башталат, бирок башка альтернатива таап, башка шаарлар аркылуу учуп, 5 миң сомго чейин үнөмдөөгө болот. Тамчыдагы аэропорттон Москвага учуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал жакта баалар жүксүз 26 миң сомдон жана жүк менен 30 миң сомдон башталат.
Эмнеге дагы деле кымбат болууда?
Эл аралык «Манас» аэропорту буга чейин баалардын көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрүп берген. Авиабилеттер көбүрөөк Россия жана Казакстандын шаарларына учкан каттамдарга кымбаттады. Баалардын кымбаттаганы туруктуу рейстердин кыскаруусу жана чартердик рейстердин жаңы учуу эрежелеринин пайда болгондугу менен байланыштуу.
«Бишкек-Москва каттамында буга чейин күн сайын 4-6 каттам болсо, алардын саны жумасына жети жолуга кыскарган. Ошол эле учурда чартердик рейстер күн сайын иштей баштады. Авиакомпаниялардын сунушу жарандардын муктаждыктарын канааттандырган жок, ошондуктан Россия Федерациясынын шаарларына учууга билеттердин кескин жетишсиздиги жана авиакомпаниялардын баасынын көтөрүлүшүнө алып келди» – деп айтылат башкы аэропорттун берген билдирүүсүндө.
Баалардын көтөрүлүшүнүн экинчи себеби – учуу эрежелеринин өзгөрүшүндө: ал чартердик жана туруктуу каттамдарда ар башка. Чартердик рейстердин тартиби кадимки каттамдарга караганда кыйла татаал, ошондуктан баасы да кымбат болууда.
Ошондой эле, учурда бааларын асманга көтөрүп жаткан авиакомпаниялар, локдаун учурунда каржылык жоготууларга учурагандан кийин кырдаалдан чыгууга аракет кылып жатышы мүмкүн деген божомолдор бар.
15-июнга карата Кыргызстандагы туристтик агенттиктериндеги минималдуу баалар