Энергетикалык кризис – Токтогулда суунун көлөмү 10.8 млрд куб метрге чейин түштү

Бүгүн, 6-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 897 млн. м3 түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 166 м3, чыгышы 391 м3 болууда. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» компаниясына караштуу «Электр станциялары» ишканасы билдирди.

Быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши аз болду. Натыйжада, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, бул өлкөдө энергетика тармагында кризистин күчөшүнө алып келди.

 Өткөн жылы суунун көлөмү 14 млрд 745 млн кубду түзсө, быйыл анын көлөмү 10 млрд 897 млн кубду түздү. Эскерте кетсек, ноябрдын башында эле 11 млрд 868 млн куб болчу.

Энергетиктердин эсебинде бир жылда 1 млрд кВт/с электр кубатын үнөмдөсө болот, бирок азыр электр энергиясын пайдалануу чектен ашып кеткен, анткени керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга байланыштуу мамлекет импорт маселесин карап келет. Учурда республика Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча келишимдери бар.

Күз-кыш мезгилин өткөрүүгө Кыргызстанга 2 млрд кВт/с жакын электр энергиясын импорттоо керек. Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн болсо КР электр энергия өндүрүшүн 18 млрд киловатт-саатка чейин көбөйтүшү керек.

Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган «Кыргызстан энергетикалык кризистен канткенде чыга алат?» деген темадагы тегерек столдо энергетиктер келип ойлорун ортого салышкан болчу. Анда эксперт Эрнест Карыбеков күз-кыш жылытуу мезгилинде электр энергиясын суткалык керектөө 60 млн кВт/сааттан ашса, ноябрдан мартка чейин Кыргызстан 9 млрд кВт/саатка жакын электр энергиясына муктаж деп айткан болчу. Ал 4 млрд кВт/саатты Токтогул ГЭСи, калган 2 млрд кВт/саатты каскаддар жана чакан ГЭСтер камсыз кыла аларын божомолдогон.

Ал эми «Юнисон Групп» компаниясынын президенти жана Кыргызстандагы Туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) менеджери Нурзат Абдырасулова энергетикалык кризистен чыгуу үчүн социалдык тармакты, жеке соодагерлерди, тиричилик керектөөчүлөрдү бул тармакка тартуу абдан маанилүү деген пикирин билдирген. 

Апрель-октябрь айларында электр энергиясын керектөө лимити 10.4%га, тагыраак айтканда, 530 млн кВт саатка ашып кеткен. Андыктан энергетиктер ар бир керектөөчүнү бүтүндөй энергетика системасынын ишенимдүү иштешин камсыздоо үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып келет.

Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – 19.5 млрд куб метр, нормалдуу көлөмү – 17.3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 млрд куб метрди түзүшү керек.

Эске салсак, 2008-2009-жылдары Кыргызстан азыркыдай энергетикалык кризисти баштан өткөргөн. ЖМКдагы архивдик булактарга таянсак, андагы берилген маалыматтарга ылайык, суунун көлөмү 2008-жылы – 8.8 млрд куб метр болсо, бул көрсөткүч 2009-жылы – 9.4 млрд куб метрди түзүп, бир аз көтөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды

БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты. Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышышты. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты сапаттуу өркүндөтүү жалпы негизги милдет болуп саналарын белгиледи

Кыргызстанда 9 айда кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жетти

Кыргызстанда 9 айда кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жетти

Кыргызстанда январь-сентябрь айларындагы кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жеткени статистикалык маалыматтарда келтирилди.  Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 3,1 млрд сомго же болжол менен 26,6%га көп. Ишкерликтин бул түрү боюнча физикалык индекс көлөмү  9 айда 116,7%га жеткен.  2025-жылдын сентябрь айында карата

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кечээ Ашхабадда акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форуму болду. Анда Беларустун, Өзбекстандын, Россиянын, Түркмөнстандын, Индиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын тергөө органдары менен финансылык чалгындоо кызматтарынын өкүлдөрү катышканын Россия Федерациясынын Тергөө комитетин билдирди.  Форум катышуучулары криптовалюталарды мыйзамга каршы максатта пайдалануу менен күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кирешелерди жашыруу боюнча

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Сузактагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортуна барып, курулуш иштерин жеринде текшергенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди. К.Ташиев  учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койгон. Андан соң ал терминал имаратынын курулушу