Май айынан баштап «Аэрофлот» Москва – Тамчы – Москва авиакаттамын жандандырат

«Аэрофлот» авиакомпаниясы 2023-жылдын май айында Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды кайрадан жандантууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, биринчи каттам болжол менен 2-майда аткарылат.
Ысык-Көлдөн Москванын «Шереметьево» аэропортуна жумасына 2 жолу аба каттамдар аткарылаары күтүлүүдө.