2024-жылдан баштап ОСАГОсуз айдоочуларга 3 миң сомдук айып пул салынат

2024-жылдан баштап ОСАГОсуз айдоочуларга 3 миң сомдук айып пул салынат

2024-жылдын башынан баардык айдоочулар ОСАГО полисин сатып алууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы эскертти.

Такталгандай, башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары, юридикалык жактар 2023-жылдын 1-апрелинен тартып ОСАГО полисин сатып алууга милдеттүү.

КРнын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары 2024-жылдын 1-январынан тартып автотранспорт каражатынын ээлери жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруусу зарыл.

Жогорудагы мөөнөттөр аяктагандан соң ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан автотранспорт каражатын токтоткон учурда камсыздандыруу полисин талап кыла баштайт, ал жок болгон учурда административдик протокол түзүлүп, айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү юридикалык тараптарга - 13 миң сом, ал эми жеке тараптарга – 3 миң сомду түзөт.

Учурда ОСАГО мыйзамын ишке ашырууда лицензиясы бар 13 (он үч) камсыздандыруу компаниясы иш алып барат:

• «НСК» ЖАК;

• «АЮ Гарант» ЖАК;

• «Мамлекеттик камсыздандыруу Уюму» ААК;

• «Кыргызстан» ЖАК;

• «АТН Полис» ЖАК;

• «Алма Иншуренс» ЖАК;

• «Арсеналъ-Кыргызстан» ЖАК;

• «Джубили Кыргызстан» ЖАК;

• «А Плюс» ЖАК;

• «Мега Иншуренс» ЖАК;

• «Али-Гарант» ЖАК;

• «Дордой Страхование» ЖАК;

• «Здоровье» ЖАК.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу