Жумгалдыктар «Росатом» уран калдыктарын рекультивациялоо иштеринин деңгээлине нааразы

Жумгалдыктар «Росатом» уран калдыктарын рекультивациялоо иштеринин деңгээлине нааразы

Нарын облусунун, Жумгал районунун активисттери россиялык «Росатом» тарабынан уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык ташылып, талаптар жана нормалар сакталбай жатканын айтышты. Маселе Жогорку Кеңеште «Росатомдун» өкүлдөрүнүн, Жумгал районунун тургундарынын катышуусунда жыйынында көтөрүлгөн.

Такталгандай, жыйында Миң-Куштагы уран калдыктарын рекультивациялоо маселеси талкууланды. Жергиликтүүлөр уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык ташылып, талаптар жана нормалар сакталбай жатканын айтышты. Алар элдин саламаттыгына доо кетип жатканын кошумчалап, ташуу ишин токтотууну талап кылды.

«Ушунча жылдан бери уран калдыгы жатат, мындан кийин да зыяны жок болсо жата берсин деп жатат эл. Балдардын мурдунан кан токтобой, ден соолугубуз жабыркап жатканын биз өз денебиз менен сезип жатабыз», - деди активист Райнура Алыкулова.

Активисттер жолдор чаңдап, жумушчуларга атайын кийим берилбегенин кошумчалады. «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Сергей Дерябин жооп берип, эгер жергиликтүүлөр рекультивация ишине каршы болсо, анда алар долбоорду токтотуп кетерин, чечим элдин өзүндө экенин белгиледи.

«Биз биринчи кезекте аймактагы радиоактивдүү, техногендик кырдаалды жөнгө салуу үчүн 4 мамлекет келишкенбиз. Тажикстанда бул иштер аягына чыкты. Ал жакта эч кандай каршылыктар болгон жок. Эгер сиздер каалабасаңыздар, биз ишти токтотобуз», - деди Сергей Дерябин.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өнөктөш мамлекеттерден калдыктарды тазалоо үчүн каражат кыйынчылык менен тартылып келингенин эске салды. Ал мындай долбоордон баш тартуу тарыхый чечим болорун белгилеп, анын алдында терең ойлонууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу