Бишкекте реконструкциядан кийин 130 орундук бала бакча ачылды

Бишкекте реконструкциядан кийин 130 орундук бала бакча ачылды

Бишкекте №20 бала бакча реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын планы кайрадан иштелип чыгып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жаңы бала бакча 130 орунга ылайыкталган.

Мектепке чейинки балдар мекемеси медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган. Имараттын ички аянты 1500 м², ал эми бала бакчанын жалпы аянты 0.52 гектарды түзөт.

Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду. Курулуш иштери «Аргын Курулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Өткөн жылы банк секторунун суммардык активдери 1 трлн сомдон ашты

Өткөн жылы банк секторунун суммардык активдери 1 трлн сомдон ашты

2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган. Улуттук банктан билдиришкендей, жыл башынан тартып банк секторунун суммардык активдери 44,9%га өсүү менен 1 трлн 181,8 млрд сомду түзгөн.  Ошондой эле: * банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 43,6%га өсүү менен

Кыргыз ювелирлери Италиянын Bvlgari академиясында окушат

Кыргыз ювелирлери Италиянын Bvlgari академиясында окушат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Италияга болгон иш сапарынын алкагында Виченца шаарында өтүп жаткан Vicenzaoro эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнө катышты. Бул көргөзмө зергерчилик тармагындагы негизги B2B аянтчалардын бири болуп саналат. Көргөзмөнүн жүрүшүндө МСКнын төрагасы зергерчилик рыногунун заманбап тенденциялары, жаңы материалдар жана технологиялар менен таанышып, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы

Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы 2025-жылы 800 миң еврого чыкты

Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы 2025-жылы 800 миң еврого чыкты

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов карьерасын расмий түрдө Беларусь Республикасынын жогорку лигасында ойноочу "Динамо – Минск" клубунда улантарын Кыргыз футбол союзу (КФС) маалымдады. Өткөн жылдын январь айында Алыкулов Москва шаарындагы "Торпедо" клубуна өткөн. Ал бул команданын курамында Россиянын Биринчи лигасында 2026-жылдагы кышкы трансфер мезгилине чейин

Бишкекте 20дан ашык жер алдындагы өтмөк курулат

Бишкекте 20дан ашык жер алдындагы өтмөк курулат

Бишкек шаарында 20дан ашык жер алдындагы өтмөк куруларын шаар мэри Айбек Джунушалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Мэрдин айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы өтмөктөрдү куруу долбоору мэрия үчүн эксперименталдык мүнөзгө ээ. Анын алкагында иштердин татаалдыгы, көлөмү жана баасы бааланып, келечектеги долбоорлор үчүн бюджет такталып жатат. "Учурда