Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы аныкталды – мамлекетке 2.8 млн сом зыян келтирилди

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы аныкталды – мамлекетке 2.8 млн сом зыян келтирилди

Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну Н. уулу Н. аттуу жаран мыйзам талаптарын бузуп, Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде жердин үстүңкү катмарын бузуп, алтын чайкоо жумуштарын жүргүзгɵндүгү аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Өз кезегинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери аталган аймакта Н.Н.уулунун алтын казууга уруксат кагаздары жок экенин билип туруп, 12 миң 384 чарчы метр жердин үстүнкү катмарын бузууга алып келген фактыны жашырышкан.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 2 млн 853 миң 273 сомдук зыян келтирилген. Аталган факты боюнча облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 306-беренеси («Жерди бузуу») менен кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары окуңуз

Мечитте уурулук кылган 2008-жылкы жигит кармалды

Мечитте уурулук кылган 2008-жылкы жигит кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мечиттерден уурулук кылууга адистешкен шектүүнү кармашты. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынан маалымдагандай, бул окуя 2026-жылдын 7-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунунда катталган. ИИБна Б.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүп берүүнү суранган. Арызда ошол эле күнү

Ишкерлерди тейлөө борборуна АӨБдөн 1 млн субгрант алынат

Ишкерлерди тейлөө борборуна АӨБдөн 1 млн субгрант алынат

МинКаб "Ишкерлерди тейлөө борборун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен субгранттык макулдашуунун долбоорун жактырды. Тиешелүү тескеме 2025-жылдын 30-декабрында № 1170-т менен кабыл алынды. Документке ылайык, Финансы министри макулдашууну принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укуктуу. Макулдашуунун долбооруна ылайык,

ЕАЭБде электрондук соода үчүн улуттан жогорку эрежелер даярдалып жатат

ЕАЭБде электрондук соода үчүн улуттан жогорку эрежелер даярдалып жатат

Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) электрондук сооданы жөнгө салуучу улуттан жогорку нормативдик актыларды иштеп чыгуу пландалууда. Бул тууралуу радионун түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын интеграцияны өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы маркетплейстерде иш алып барган сатуучулар бир катар көйгөйлөргө туш болушкан. Айрыкча, товарды

2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат

2026-жылы Бишкек шаарында жаңы 20 мектеп салынат

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат. Мындай билдирүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты. Кече, 31-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курула турган 20 мектептин долбоору жана курулуш аянттары менен