«Тазалык» 220 таштанды аянтчасын оңдойт

«Тазалык» 220 таштанды аянтчасын оңдойт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы таштанды аянтчаларын  жууп-тазалоо, контейнерлерди оңдоо, сырдоо, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ар бир райондо экиден бригада иштеп жатат. Бир айдын ичинде шаар боюнча 220 таштанды аянтчасы  жана 1200дөй контейнер оңдолду.

Таштанды аянтчаларынын толук жараксыз болушу бул таштандыларды башаламан чачууга, айлананын көркүн бузуп, ар кандай жугуштуу ооруларды жугузууга шарт түзөт. Ошондуктан “Тазалык” муниципалдык ишканасы биринчи кезекте таштанды таштоочу жайлардын тазалыгына жана толук иштешине көңүл бурат.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын №280 буйругу тууралуу маалымдады. Бул талаптар 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы тартипке ылайык, Кытайга азык-түлүк продукциясын экспорттоочу чет өлкөлүк ишканалар CIFER мамлекеттик маалыматтык

Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкектеги Месароша көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери башталды

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштерин баштады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1350 метрди түзөт. Иштердин жүрүшүндө жол сапатын жакшыртуу жана анын кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн "ресайклер" аттуу жаңы технология колдонулууда.

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк мыйзамсыз сатылганы

Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет

Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет

1-апрелден тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоого лимиттер "Электрондук балык уулоо системасына" киргизилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл