Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан качкандарды жазалоону сунуштады

Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан качкандарды жазалоону сунуштады

Кыргызстанда карылар материалдык жардамга муктаж. Аларды эмгекке жарамдуу балдары багуудан качса жазалоого тартуу зарыл. Бул мыйзам демилгесин депутат Тазабек Икрамов сунуштады.

Парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети долбоорду биринчи окууда карады.

«Мыйзам балдарга жетиштүү көңүл бурбаганы үчүн гана жазалоого жол берет, ал эми ата-энесин таштап кеткендерди жоопкерчиликке тартуу үчүн соттун чечими керек», - деп демилгечи кошумчалады.

Талкууда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева айрым дисциплиналарды өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, карыган ата-энелерди кароосуз калтырган фактылар катталбагандыгын кошумчалады.

Тазабек Икрамов  Кылмыш-жаза жана Үйбүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү сунуштады:

1-берене

Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

179-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“179-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу

Эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча белгиленген же сот тарабынан аныкталган алиментти төлөөдөн качуусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”.

2-берене

Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

92-статьясынын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукаталсын:

“Өздөрүнүн карамагында болгон эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энелерге социалдык стационардык мекемелеринин администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылууга милдеттүү.”.

3-берене

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

“3) эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн алимент төлөө милдети бар" деген сунуш менен мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бир добуштан колдоду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын