Акылбек Жапаров Бишкектеги ЖЭБтеги авариянын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди

Акылбек Жапаров Бишкектеги ЖЭБтеги авариянын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Анда минкаб башчысына ушул жылдын 8-февралына карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди.

«Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн, кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда», — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Андан кийин минкаб башчысы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына барды, анда Кара-Кече кенинен борбор калаанын ЖЭБине көмүрдү ташуу жана жүктөө процесси менен таанышты.

Маалым болгондой, көмүрдү жүктөө участкасында бардык жүрүп жаткан процесстерди күнү-түнү көзөмөлдөп турган онлайн камералар орнотулуп, бул ЖЭБте да, республикадагы бүтүндөй жайгашкан отун базаларында да катуу отундун кетишин жана өз убагында келүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, минкаб башчысы мамлекеттик ишкананын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, анда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жакынкы 5 жылга өнүктүрүү планын тез арада сунуштоону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана