Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды

Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды

Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Таш-Көмүрдө жайгашкан кремний өндүрүүчү "Кристалл" заводу 1991-жылы курулуп, мамлекеттик акционердик коому статусуна ээ болгон. Долбоордун жалпы кубаттуулугу жылына - 660 тонна кремний жана 16 миң тонна трихлорсилан өндүрүү пландоо болгон.

«Бүгүнкү күндө «Кристалл» заводунун кампасында 80 тоннадай трихлорсилан уулуу заты сакталып турган атайын идиштер жараксыз болуп, акырындап иштен чыгып жатканына күбө болдум. Ошондуктан тез арада трихлорсилан уулуу затын утилдештирүү маселесин талкууладык»,- деди Кундузбек Сулайманов.

Депутат бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, аны чечүү жагдайы өз көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш тармагында 1,5 млн сом финансылык мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш тармагында 1,5 млн сом финансылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудити жүргүзүлдү. Аудиттин жыйынтыгында финансылык эсепке алууда, бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактоодо жана курулуш иштерин жүзөгө ашырууда бир катар олуттуу шайкеш келбестиктерге жол

Бишкекте инвесторлор менен стартаптар бир аянтта жолугушту

Бишкекте инвесторлор менен стартаптар бир аянтта жолугушту

25-мартта Бишкек шаарында Кыргыз венчурдук саммити (Kyrgyz Venture Summit) өтүп, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, инвесторлордун жана стартап-коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара венчурдук экосистеманы өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти киргизүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталды. Саммитке экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышып, стартаптарды

Таласта сүттү кайра иштеткен ишкана өндүрүшүн кеңейтүүдө

Таласта сүттү кайра иштеткен ишкана өндүрүшүн кеңейтүүдө

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында ишкер Торокулова Наргизанын сүт азыктарын кайра иштетүүчү чакан ишканасы 2008-жылдан бери туруктуу иш алып барууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкана күнүнө орточо 2 тонна сүттү жергиликтүү тургундардан кабыл алып, Голланд сыры жана сары май өндүрөт. Даяр продукциялар негизинен Бишкек шаарына жана өлкөнүн

Европа өлкөлөрүнө жумуш убада кылган фирма жоопко тартылды

Европа өлкөлөрүнө жумуш убада кылган фирма жоопко тартылды

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү фактысын аныктады. ИИМдин маалыматына ылайык, Asia Consult Visa компаниясы тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп, жарандарды Дания жана Германияга ишке орноштуруу менен алектенип келген. Компания “визалык колдоо көрсөтүү” деген шылтоо менен иш жүргүзгөн. Аталган факты боюнча ишканага