Бишкекте инвесторлор менен стартаптар бир аянтта жолугушту

Бишкекте инвесторлор менен стартаптар бир аянтта жолугушту

25-мартта Бишкек шаарында Кыргыз венчурдук саммити (Kyrgyz Venture Summit) өтүп, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, инвесторлордун жана стартап-коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара венчурдук экосистеманы өнүктүрүүгө, жасалма интеллектти киргизүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталды.

Саммитке экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышып, стартаптарды колдоонун маанилүүлүгүн жана инновациялык чөйрөнү өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө венчурдук каржылоо, краудфандинг жана альтернативдүү инвестицияларды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору даярдалып жатканы маалымдалды.

Саммит мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусун чыңдоого жана инвестиция тартууга өбөлгө түздү.

Маалымат үчүн: Венчурдук саммит — бул стартаптар жана инвестициялар дүйнөсүнүн катышуучулары чогулган, идеяларды талкуулоо, өнөктөштөрдү табуу жана каржылоо тартуу максатындагы иш-чара (конференция, форум же жолугушуу).
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды