БШК: Мыйзамсыз акча чогулткандар жазаланат

БШК: Мыйзамсыз акча чогулткандар жазаланат

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга, талапкерлерге жана саясий партияларга расмий билдирүү кылды. 

Анда социалдык тармактарда чыгып жаткан шайлоо фонддоруна мобилдик колдонмолор аркылуу акча чогултуу тууралуу билдирүүлөр шайлоо мыйзамына туура келбестиги эскертилген. 

Аталган билдирүүдө шайлоо фонддоруна “Элдик банк” жана “Айыл банк” жана ушул банктардын расмий мобилдик колдонмолору аркылуу гана мыйзамдуу акча которууларга жол берилери айтылат. Ошондой эле ар бир талапкер жана партия атайын эсеп ачып, ага физикалык жана юридикалык жактар, талапкер өзү акча салса болору кошумчалаган. 

Эгер кайсы бир талапкер же партия мыйзамсыз акча чогултса жоопкерчликке тартылат. 

Мындан тышкары окуңуз

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкек шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев борбордогу коомдук транспорт системасын реформалоо боюнча кеңири пландар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, өзгөрүүлөр учурдагы бардык 72 каттамды камтыйт. "72 каттамдын баары оптимизацияланат, башкача айтканда толугу менен өзгөртүлөт", — деди ал. Айрым каттамдар айланма болуп өзгөртүлөт, бул

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз