Курулуш объектилерине “Бирдиктүү паспорт” илүү талабы киргизилди

Курулуш объектилерине “Бирдиктүү паспорт” илүү талабы киргизилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, министрлик тарабынан курулуш объектилери үчүн бирдиктүү форматтагы маалыматтык паспорт иштелип чыгып, бардык объекттерде милдеттүү түрдө орнотулуп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган ар кандай үлгүдөгү паспорттор илинип келген. Эми, жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн ар бир курулуш объектисинде бирдей үлгүдө даярдалган ачык жана түшүнүктүү маалыматты камтыган "Бирдиктүү паспорт" илиниши керек. Бул документ аркылуу жарандар объект тууралуу толук маалымат алып, курулуш ишинин мыйзам чегинде жүрүп жатканын көрө алат.

Бирдиктүү паспортто төмөнкү маалыматтар камтылат:

  • Курулуш министрлигинин расмий белгиси (логотип)
  • Объекттин аталышы жана дареги
  • Курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын маалыматы
  • Жооптуу адистердин аты-жөнү жана байланыш номери
  • Уруксат берилген документтердин номери
  • Башталышы жана аяктоо мөөнөттөрү
  • QR-код аркылуу жарандар объектке байланыштуу кошумча жана расмий маалыматты онлайн көрө алат.
Бул кадам курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздап, жарандардын суроолоруна жоопту түздөн-түз объекттен эле алуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Министрлик бардык курулуш компанияларын бекитилген талаптарга ылайык иш алып барууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкек шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев борбордогу коомдук транспорт системасын реформалоо боюнча кеңири пландар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, өзгөрүүлөр учурдагы бардык 72 каттамды камтыйт. "72 каттамдын баары оптимизацияланат, башкача айтканда толугу менен өзгөртүлөт", — деди ал. Айрым каттамдар айланма болуп өзгөртүлөт, бул

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз