Кыргызстандын ветлабораториялары эл аралык талаптарга жооп берет

Кыргызстандын ветлабораториялары эл аралык талаптарга жооп берет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Төрөбаев борбордун химиялык-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза бөлүмү, серология бөлүмү жана вирусология бөлүмдөрүн көрүп чыкты. 

Айрыкча мал чарбачылык продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, аны экспортко чыгаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө борбордун лабораториялык базасы эл аралык стандарттарга толук шайкеш келери, бул ар кандай татаал анализдерди жана изилдөөлөрдү өнөктөш өлкөлөрдүн талаптарына ылайык жүргүзүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.

Мамлекеттик колдоонун жана министрликтин туруктуу ишинин аркасында акыркы жылдары борбордун бюджети бир кыйла көбөйдү. Бул жаңы жабдууларды сатып алууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү.

Министр белгилегендей, ветеринардык-диагностикалык инфраструктураны өнүктүрүү — эпизоотиялык бакубаттуулукту, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жана ата-мекендик мал чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкек шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев борбордогу коомдук транспорт системасын реформалоо боюнча кеңири пландар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, өзгөрүүлөр учурдагы бардык 72 каттамды камтыйт. "72 каттамдын баары оптимизацияланат, башкача айтканда толугу менен өзгөртүлөт", — деди ал. Айрым каттамдар айланма болуп өзгөртүлөт, бул

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз