Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кыргызстан Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул гуманитардык жардам Президенттин тапшырмасы жана Министрлер Кабинетинин чечими менен уюштурулган.

Экспедициянын алкагында Афганистандын Бадахшан провинциясындагы этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтүлүп, ветеринардык дары-дармектер жеткирилди. Ошондой эле, министрдин орун басары Б.Дарманкул уулу Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары менен жолугушуп, этникалык кыргыздардын жашоо-шарты жана аларды колдоо маселелерин талкуулады.

Медициналык топтун курамында кардиолог, тиш дарыгери жана акушер-гинеколог бар. Алар жалпы 765 адамга жардам көрсөтүштү, анын ичинде 187 аял жана 207 бала бар. Ошондой эле, жугуштуу оорулардын алдын алуу, дарыларды туура колдонуу жана ден соолукту көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Ветеринардык адистер жеринде 10 төөнү, 40 атты, 367 якты жана 840 кой-эчкини текшерип, малчыларга эмдөө, дарылоо жана оорулардын алдын алуу боюнча практикалык кеңештерин беришти.

Министрликтин маалыматына караганда, мындай гуманитардык жардам этникалык кыргыздардын жашоо-шартын жакшыртуу жана социалдык-саламаттык көйгөйлөрдү чечүү максатында жүргүзүлүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Бишкекте муниципалитеттин демилгеси менен өткөн Жол кеңешинде эски автовокзалдардын аймагын башка аймактардан келген айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайга айландыруу сунушталды. Жыйында айтылгандай, Ивановка же Кара-Балтадан келген айдоочу шаарга келип, унаасын базарларда же борбордо күн бою калтырат. Ошондуктан автоунааларды мурдагы автовокзалдардын аймагына токтотуп, андан ары коомдук транспорт менен жүрүүнү уюштуруу керектиги

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилрин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.