Кыргызстандыктар таза суу менен толук камсыз болуш үчүн кана каражат керек?

Кыргызстандагы 1000ге жакын айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 1,2 миллиард доллар инвестиция керектигин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Римдеги «Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери» сессиясында билдирди.
Министр сессияда суу стратегиялык ресурс катары азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, экологияга жана калктын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизерин баса белгиледи.
Буга улай ал Борбор Азияда 10 миллионго жакын адам таза сууга жетпей, суу менен камсыздоо инфраструктурасы 80 пайызга начарлап, суунун жоготуулары 55 пайызга жеткенин ортого салды.