Араванда 550 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өттү

Араванда 550 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы 550 орундуу мектеп толук жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Оңдоо иштери 2024-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Объекттин тендердик баасы 28 миллион сомду түзөт. 

Жаңылоо иштеринин алкагында имараттын чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы бөлүктөрү ремонттолду. Ошондой эле жарыктандыруу, жылытуу жана өрт өчүрүү системалары жаңыдан коюлду. 

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулуп, ушул күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, капиталдык оңдоо 1972-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Жаңылоо мезгилинде инженердик системаларды модернизациялоо, ички имараттарды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун, чатырды жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо сыяктуу комплекстүү иштер аткарылды. Ремонтко жалпы 320 миллион сом жумшалган. 2025-жылдын 6-декабрында

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Миллиардер Илон Маск өзүнүн социалдык баракчасында Евробиримдик тууралуу нааразычылыгын билдирип, аны жоюуну талап кылды. Ишкердин пикиринде, бул уюм ага мүчө мамлекеттерге өз элдеринин кызыкчылыгын туура "көрсөтүүгө" бөгөт коёт. Буга чейин ал ЕБни сынга алып, бюрократия "Европаны муунтуп жатат" деп жазганын "Известия" басылмасы кабарлады. Кызыгы,