Бишкекте 55 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Ленин райондук прокуратурасынын текшерүүсү боюнча, Бишкектин А.Сыдыгалиев көчөсүндөгү 0,23 га жер 2011-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокурордук чаралардын натыйжасында жердин укук күбөлөндүрүүчү документтери жокко чыгарылып, базар баасы 55 493 000 сомду түзгөн тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.