Мамлекеттик салык кызматкерлери боюнча 9 айда 181 кайрылуу түшкөн

Мамлекеттик салык кызматкерлери боюнча 9 айда 181 кайрылуу түшкөн

2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жарандардан жана юридикалык жактардан 181 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 64 кайрылуу жарандардан, 38и укук коргоо органдарынан келип түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-октябрга карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда каралууда. Каралып бүткөн кайрылуулардын ичинен 67 факт толугу менен тастыкталган, 5 факт жарым-жартылай тастыкталган, 90 факт тастыкталган эмес. Ошондой эле 20 кызматтык териштирүү дайындалып, анын 17си аяктаган.

Кызматтык тартипти бузгандыгы жана милдеттерди аткарбагандыгы үчүн 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 51 кызматкерге эскертүү, 43кө сөгүш, 16га катуу сөгүш, 13 кызматкер кызматтан кетирилген, 3 кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн. Коррупциялык мыйзам бузуулар боюнча 3 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 материал УКМКга жиберилген. Аймактык салык органдарында 4 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Ошондой эле 9 айда 136 салык төлөөчү салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 15ине эскертүү берилген жана 3 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик салык кызматы кызматтык тартипти бекемдөө, органдардын ачыктыгын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо иштерин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Былтыр 2088 адамды депортациялоого 243 млн сом каржылык колдоо көрсөтүлгөн

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан 2 миңден ашык чет элдикти депортациялоого канча каражат кеткенин билдирди. 2025-жылы кыска мөөнөттүү амнистия алкагында Кыргызстандан чыкпай туруп, өлкөдө мыйзамдуу болууну легалдаштырышкан чет элдик жарандар 9,6 миңди түзгөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, республикадан жалпы 2 088 чет элдик адам депортацияланган. "

Кыргызстанда нотариат системасын колдонууга акы киргизүү сунушталды

Кыргызстанда нотариат системасын колдонууга акы киргизүү сунушталды

Министрлер кабинети Бирдиктүү нотариат маалымат системасын (БНМС) колдонуу үчүн акы киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, акы нотариалдык аракеттерди жүргүзүү учурунда алынат жана жеке нотариустарга тиешелүү — системаны колдонуу менен техникалык кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөм алынат. Анын өлчөмүн Министрлер кабинетинин алдындагы Экономика жана коммерция министрлигинин Антимонополиялык жөнгө салуу

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту

Кыргызстан дүйнөнүн 185 мамлекети менен дипломатиялык мамилени орнотту

2025-жылы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн географиясы кыйла кеңейди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Эфиопияда Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылды, бул өлкөнүн Африка континентиндеги позициясын чыңдоодогу маанилүү кадам болду. "Ошондой эле Кыргызстандын Египетте элчилигин түзүү чечими кабыл алынды. Бул өлкө үчүн Жакынкы Чыгышта жана Түндүк

Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат

Indorama дыйкандарга 250 миң тонна жер семирткич жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык Indorama компаниясынын директору Пракаш Кежривали менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз дыйкандарына минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүүнү, болжол менен 250 миң тонна муктаждыкты камсыздоону талкуулашты. Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүү багыттары — өсүмдүктөрдү