Өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды

Өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды

Республика боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, дан эгиндеринин жалпы 679 миң гектар айдоо аянтынын 619,5 миң гектары жыйналып, бул 91,2 %ды түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 614,6 миң гектар болгон. Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк 25,1 центнерди түзүп, жыйналган дан азыктарынын жалпы көлөмү 1 млн 724,3 миң тонна болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды

Тоң районунда күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу кампа ачылды

Токой кызматынын Тоң токой чарбасында заманбап күнөскана менен көчөт жана үрөн сактоочу муздаткыч кампасынын ачылышы болду. Бул объектилер Түрк мамлекетинин Өкмөтүнүн каржылык колдоосунун жана БУУнун азык-түлүктүк жана айыл чарба уюмунун Friends долбоорунун алкагында курулуп жатат. Күнөсканага 2 млн 150 миң 118 сом, ал эми муздаткыч кампага 1 млн 304 миң

Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?

Айдоочулук күбөлүк, мамлекеттик номер, экзамендер, унааны каттоо төлөмдөрүнүн прейскуранттары кандай?

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору транспортторду каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтардын прейскурантын жарыялады. Маалыматка караганда, негизги операциялар 12 сомдон 800 сомго чейин, айрым кызматтар 5 211 сомго чейин турат. Борбордун маалыматы боюнча автотранспорт үчүн кызматтар: * Унааны тейлөө бөлүмүнүн аймагында кароо — 400

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы