Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды

Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусунда жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан Эндуро мотоциклдерин айдоо фактыларын аныкташты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Рейд Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлүп, текшерүү учурунда эки жаран кармалып, аларга Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 245-2-беренеси (“Жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана экологиялык талаптарды бузуу”) боюнча 2 протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында ар бирине 5 500 сомдон, жалпы 11 000 сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыттарды жана экосистеманы бузган мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү улантарын белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

"Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк пландоо аймагы) жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди. Мэриянын маалыматы боюнча, Президенттин иш башкармалыгы 2026-жылдын 29-январындагы №11/236 кат менен кайрылып, аянты 50,4938 гектар болгон жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган