ИИМ жарандарды - мүлктүн сакталыш коопсуздугун эске салат

ИИМ жарандарды - мүлктүн сакталыш коопсуздугун эске салат

ИИМ жарандарды жеке үйлөрдү жана батирлерди мыйзамсыз кол салуулардан коргоого  чакырат. Министрликтин басма сөз кызматы төмөнкү камсыздоо чараларын сунуштайт:

1. Алдыңкы эшиктерди бекемдөө жана ишенимдүү кулпуларды орнотуу.;
2. Терезе жана балкон эшиктерин текшерүү, айрыкча биринчи/акыркы кабаттар;
3. Жарыктандыруу, белги берүүчү, видеобайкоо тутумдарын орнотуу;
4. Кошуналар менен байланышта болуу, бири-биринин үйүн карап, кабарлашуу;
5. Жеке коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин сактоо:
·       Ачкычты оңой жерлерде-килемдин астында, почта ящигинде калтырбоо;
·       Бейтааныш адамдарга эшикти ачпоо;
·       Соц. тармактарга кетээриңизди же үйдө жок экениңизди жарыялабоо;
·       Турак жай бош көрүнбөш үчүн почтаны (ком.төлөмдөрдү) убагында алуу;
·       Уктаар алдында бардык эшик-терезелердин бекем жабылганын текшерүү.

ИИМ жарандардан башкалардын көйгөйлөрүнө кош көңүл болбоону өтүнөт. Сак  болуу жана милицияга өз убагында маалымат берүү кылмыштардын алдын алууга жана ар бир үйдө коопсуздукту сактоого жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт

Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет

Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры толук оңдолду

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, капиталдык оңдоо 1972-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Жаңылоо мезгилинде инженердик системаларды модернизациялоо, ички имараттарды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун, чатырды жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо сыяктуу комплекстүү иштер аткарылды. Ремонтко жалпы 320 миллион сом жумшалган. 2025-жылдын 6-декабрында

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды

Миллиардер Илон Маск өзүнүн социалдык баракчасында Евробиримдик тууралуу нааразычылыгын билдирип, аны жоюуну талап кылды. Ишкердин пикиринде, бул уюм ага мүчө мамлекеттерге өз элдеринин кызыкчылыгын туура "көрсөтүүгө" бөгөт коёт. Буга чейин ал ЕБни сынга алып, бюрократия "Европаны муунтуп жатат" деп жазганын "Известия" басылмасы кабарлады. Кызыгы,