Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө конвенциясын ратификациялады

Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө конвенциясын ратификациялады

Президент Садыр Жапаров “Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда аталган Конвенция ишке орноштуруу жаатындагы эл аралык укуктун негиз салуучу документтеринин бири болуп саналат.

Конвенцияны ратификациялоо иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери үчүн ченемдик укуктук базаны түзүүгө өбөлгө болот жана бирдиктүү стандарттарды бекитип, агенттиктер көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Андан сырткары бул эмгек чөйрөсүндөгү улуттук мызамдарды эл аралык нормалар менен айкалыштырганга жардам берерин мамлекет башчынынын маалымат кызматы баса белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

Кытай 8 айда Кыргызстанга 66 288 унаа экспорттоду

Кытай 8 айда Кыргызстанга 66 288 унаа экспорттоду

Кытай Башкы бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2025-жылдын сентябрь айында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон автоунаалар былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 21%га көп болгон.  Былтыркы жылдын 8 айында Кытайдан Кыргызстанга жалпы 54 715 унаа кирсе, быйыл 8 айда 66 288 жеңил унаа импорттолгон. Эске салсак, 2024-жылы Кытай Кыргызстанга 1,9 млрд доллар

Транспорттук текшерүүлөрдөн бюджетке 324 млн сом чогулду

Транспорттук текшерүүлөрдөн бюджетке 324 млн сом чогулду

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 7035 транспорт мыйзамдарын бузуу фактысы катталып, бюджетке 324 млн сом чегерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 790 638 жүргүнчү ташыган жана жүк ташыган унаа текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорт

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматынан бошотулду. УТРКнын маалыматына ылайык, анын ордуна Уланбек Сатиев башкы директор болуп дайындалды. Уланбек Сатиев бул дайындоого чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары, ага чейин ондогон жылдар бою өлкө жетекчисинин расмий, жеке оператору болуп иштеп келген.

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

Чүй облусундагы  эң ири 4 көмөкчордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктаганын Чүй электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы билдирди.  “Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан июнь айында 500/220/35 кВ «Кемин» көмөк чордонундагы 1-автотрансформатор оңдолсо, октябрь айында 2-автотрансформатор оңдоодон өткөрүлдү.  Мындан тышкары 220