Чүйдө мөмө-жемиштер IQF технологиясы менен кайра иштетилип жатат

Чүйдө мөмө-жемиштер IQF технологиясы менен кайра иштетилип жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан “Кыргызцентрпродукт” ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызцентрпродукт” — жашылча жана мөмө-жемиштерди кайра иштетип, тоңдуруу жана таңгактоо боюнча өлкөдөгү алдыңкы ишканалардын бири. Өндүрүш процесстеринде Европанын заманбап технологиялары колдонулуп, продукциянын сапаты жана азыктык баалуулугу жогорку деңгээлде сакталат.

Ишканада чийки затты кабыл алуу, иргөө, жууп-тазалоо, туурап кесүү, IQF ыкмасы менен тоңдуруу, таңгактоо жана даяр продукцияны сактоо өндүү толук циклдүү өндүрүш линиялары иштейт.

“Кыргызцентрпродукт” ишканасынын продукцияларынын ассортименти:

Тоңдурулган жашылчалар: брокколи, гүл капуста, болгар калемпири, помидор, баклажан ж.б.;
Жемиш жана мөмөлөр: алча, кара өрүк, кулпунай, малина ж.б.;
HoReCa жана чекене соода үчүн жашылча-мөмө аралашмалары.

Продукциялар HACCP жана ISO 22000 сыяктуу эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык өндүрүлөт. Ишкана негизинен Кыргызстандын дыйкан чарбаларынан чийки зат алып, экологиялык таза жана жаңы продукция менен камсыздоону максат кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары