Мал чарбасын жакшыртууга багытталган геномдук борбор курулууда

Мал чарбасын жакшыртууга багытталган геномдук борбор курулууда

Сокулук районунун Фрунзе айылында жайгашкан Кыргыз мал чарба жана жайыт институтунун аймагында жаныбарларды геномдук баалоо боюнча тренинг-борборунун жана жатакананын курулушу башталып, капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышып, айыл чарба жаныбарларынын биотехнология бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Геномдук баалоо борбору — мал чарба тармагында илим жана инновацияны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоор. Ал адистерди даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаныбарлардын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап платформа болору белгиленди.

Бул долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан ишке ашырылып жатат. Анын алкагында Кыргызстанда малдын генетикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана ветеринардык адистердин потенциалын жогорулатуу көздөлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары