"Жер-Ынтымагы" конушунда 69 гектар жер мыйзамдаштырылды

"Жер-Ынтымагы" конушунда 69 гектар жер мыйзамдаштырылды

Бишкекте "Жер-Ынтымагы"  конушунун жашоочуларынын жерлери мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Жер-Ынтымагы" конушунун тургундарына 17 токтом тапшырды. Жалпысынан мыйзамдаштырылган жер тилкелери 69 гектарды түзөт.

Документтер МинКабдын токтомуна ылайык берилген, анда жер мунапысына туш келген субъекттер үчүн көрүстөндөрдүн коргоо зоналарынын чек аралары 50 метрден 10 метрге чейин өзгөртүлгөн. Бул өзгөртүүлөр үйлөрү мурда коргоо зоналарынын чегинде болгон тургундардын жер участокторун мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берди.

«Бул иштердин баары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саясатынын алкагында жүргүзүлүүдө. Биз бул аймакта 15–20 жылдан бери жашап келген жарандардын үйлөрүн сактап калууга жетиштик. Өз кезегинде бардык зарыл чараларды көрүп, бүгүн ыкчам түрдө сиздердин жер тилкелерди мыйзамдаштырдык», — деп баса белгиледи шаар башчысы.

Жалпысынан "Жер-Ынтымагы"  конушу боюнча 43 токтомго кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Кыргыз-Америкалык кызматташтык талкууланды

Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КРгы Америка Кошмо Штаттарынын Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Жолугушууда тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди жана “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Ж.Кулубаев КРсы АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө маани

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Топографиялык сүрөткө тарттыруу эмнеге маанилүү?

Эгер сиз Бишкектен жер тилкесине ээ болуп, курулуш баштоону пландап жатсаңыз — эң биринчи кадам топографиялык сүрөткө тарттыруу болушу керек. Бул — сиздин объектиңиздин так жайгашкан жерин аныктап, жер астындагы инженердик тармактарды (түтүктөр, кабелдер ж.б.) көрсөтүүгө жардам берген маанилүү кадам. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Бишкектеги жер тилкелеринин топографиялык пландарын Шаар

7-ноябрь иш күнү болот

7-ноябрь иш күнү болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү — мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, бул күндөр иш күндөрү болуп эсептелет, бирок бир саатка кыскартылат.  Ал эми 8-ноябрь 6 күндүк иш

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанда 9 айда эт продукцияларынын импорту өскөн

Кыргызстанга 9 айда эт продукцияларынын негизги түрлөрүнүн импорту өскөнү ЕАЭБ жана үчүчүнчү өлкөлөр боюнча жыйынтыкталган отчетунда көрсөтүлдү. 9 айы ичинде Кыргызстанга: –    үй канаттуулар эти  – 80,9 миң тоона; –    уй эти – 1,54 миң  тонна; –    чочко эти – 0,86 миң тонна; –    кой эти – 0,46 миң тонна.  Цифралар көрсөтүп тургандай Кыргызстанга