Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулуш убактылуу токтотулду

Кечээ, 22-октябрда Бишкектеги Симферопольский 8 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы тууралуу видео кайрылуу түшүп, Курулуш министрилигинин архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан толук текшерүү жүргүзүлдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, “Нур Имарат Курулуш” ЖЧКсынын курулушунда үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона каралбаганы жана эмгек коопсуздугу талаптары менен Кыргызстандын курулуш ченемдери (СН КР 12-02:2018) сакталбаганы аныкталган.
Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулуп, айып пул салуу токтому чыгарылды.
Урматтуу жарандар!
Эгер курулуш объектисиндеги иштер курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгы аныкталса Курулуш министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар сөзсүз көрүлөт, - деп эскертилет маалыматта.