Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жумушчулардын укуктары бирдей корголот

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жумушчулардын укуктары бирдей корголот

Чет өлкөлүк жумушчулардын укуктары Кыргызстан жарандарыныкы менен бирдей деңгээлде корголгонун “Биринчи радио” эфиринде Эмгек мыйзамын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын өзүнчө категориядагы жумушчулардын эмгек маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Азизбек Алиханов билдирди.

Анын айтымында, Конституция жумушчуларды чет өлкөлүк, кыргызстандык деп бөлбөйт. 

“Эгер адам өндүрүштө каза болсо анын туугандарын, жакындарын издейбиз. А миграция ар бир конкреттүү учурда мыйзамдуубу же мыйзамсызбы ал башка маселе. Эгер чет өлкөлүк жаракат алса ага: “Сен көрсө мыйзамсыз мигрант экенсиң, сеникин иликтебейбиз!” деп айта албайбыз. Биз өз ишибизди талаптагыдай аткарабыз, андан соң миграция боюнча тиешелүү орган өз линиясы боюнча чараларды көрөт. Балким, бул депортация же башкасы болушу мүмкүн”,-дейт ал. 

Профессионалдык союздар федерациясынын техникалык жана укуктук инспекциясынын жетекчиси Жеңиш Казакбаев Кыргызстандагы өндүрүштө Кытай жарандары каза болгондо толук кандуу иликтөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.  

Мындан тышкары окуңуз

Айылдык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар  берилди

Айылдык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилди

АЧК-13 долбоорунун алкагында Кыргызстандын 6 487 айылдык товар өндүрүүчүсүнө жалпы 4 081,22 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Берилген кредиттер төмөнкү тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн: Мал чарбачылык – 3 381,64 млн сом, 5 443 субъектти камтыйт; Өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 441,02 млн сом, 898

Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө

Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө

2025-жылдын 1-октябрынан баштап Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, пенсия акыларына индексация жүргүзүлдү. Мындай билдирүүнү Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Нурзат Жакеева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында – “Жалпысынан базалык бөлүктөн сырткары, камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга жогорулады. Тагыраагы, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Бүгүн Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун жана Binance криптовалюталык платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусунда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технология тармагын өнүктүрүү улуттук кеңешинин жыйыны  болуп өттү.  Жыйын аягында өлкө башчысы тиешелүү мамлеккеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди: * Экономика жана коммерция министрлигине – виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча ишти улантуу; *  Илим, жогорку

"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты

"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты

Бишкекте CAREC 2025 «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада Борбор Азиядан CAREC программасына катышкан 17 мыкты өкүл жана уюм өз салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Сыйлык аялдардын күн энергиясы боюнча техникалык адистикке окутуу, Борбор Азиядагы биринчи «нөлдүк калдыктар» концепциясындагы дүкөндү ачуу