Өлкөдө ветеринардык иштердин планы 102%га аткарылды

Өлкөдө ветеринардык иштердин планы 102%га аткарылды

Республика боюнча ветеринардык кызматтар тарабынан мал-жандыктардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар 17,9 млн баш малга карата аткарылды. Анын ичинде:

  • 930,6 миң баш малга диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн;
  • 16,5 млн баш мал алдын ала эмделген;
  • 552,4 миң баш малга дегельминтизация (паразиттерге каршы дарылоо) жасалган.

Маалыматка ылайык, жылдык план 102%га аткарылып, өлкөдөгү эпизоотиялык абал туруктуу бойдон калууда. Мындай иштер мал чарбасын өнүктүрүүдө, ошондой эле элдин жана жаныбарлардын ден соолугун сактоодо маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Орозбаева Улуу Британиядан келген чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин гендердик теңчилик жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар гендердик теңчилик,

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү үчүн дүмүр алуу иштери уланууда

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү үчүн дүмүр алуу иштери уланууда

Борбор калаада "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы тарабынан дүмүрлөрдү алуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул иштер шаар аймагын көрктөндүрүүгө, санитардык абалды жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Маалыматка ылайык 2023-жылы 3 566 дүмүрдү түзүп. 2024-жылы 3 521 дүмүр алынган.

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу улантылууда. Долбоор улуттук энергосистеманын ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөлдү Fichtner GmbH

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2026-жылдын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо, стратегиялык максаттарга жетишүү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, максаттарга жетүү жогорку уюшкандыкта