Президент парламенттик шайлоо участогунун биринде тесттик добуш берди

Президент парламенттик шайлоо участогунун биринде тесттик добуш берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектеги соода борборлорунун биринде уюштурулган шайлоо участогунда тесттик добуш берүүгө катышты.

Өлкө башчы паспорту менен онлайн идентификациядан өткөндөн кийин система анын шайлоо округун жана участогун аныктап, бюллетень берди. Президент шарттуу талапкердин каршысына белги коюп, бюллетенди урнага салды.

 БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.

Тест учурунда система мурда добуш берген шайлоочу башка участоктон онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа анын добуш берип бүткөнүн билдирип, бюллетень берген жок.

Тесттик аралыктан добуш берүү иш-чарасы БШК тарабынан өлкөнүн бардык участогунда, ошондой эле Россиянын айрым шаарларында өткөрүлүп жатат. Буга чейин ушундай тесттер быйылкы жылдын 10 жана 20-октябрында да өткөн. 

Мындан тышкары окуңуз

ЖКтин төрагасы тендер маселеси бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын жарыялады

ЖКтин төрагасы тендер маселеси бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын жарыялады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер маселесине токтолуп, аталган жараян бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын билдирди.  “Мектеп болобу, бала бакча болобу же социалдык багыттагы башка имараттарбы кандай гана курулуштар болбосун бардыгы тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени, тендерди өткөрүү иши эки-үч айга создугуп, курулуш

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган Мыйзам КРнын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр каралган:  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун

Жеке ишкерликти Салык кызматына кайра каттоонун жолу жөнөкөйлөштү

Жеке ишкерликти Салык кызматына кайра каттоонун жолу жөнөкөйлөштү

Эми жеке ишкердикти кайра каттоо үчүн Салык кызматына барып, убара тартуунун кажети жок. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик мекеме бул процессти мурдагыдан да жөнөкөй жана ыңгайлуу кылган заманбап санариптик кызматты ишке киргизди. Ага ылайык, Салык кызматы ишкердикти кайра каттоо үчүн жаңы онлайн-сервис Cabinet.salyk.kg сайты

2026-жылдын 14-январына карата валюталар курсу

2026-жылдын 14-январына карата валюталар курсу

Материалда КРнын Улуттук банкынын чет элдик валюталардын курстары, ошондой эле алмашуу бюролорундагы төрт валютанын (АКШ доллары, евро, орус рубли, теңге) курстары көрсөтүлгөн. 2026-жылдын 14-январына карата КРнын Улуттук банкынын валюта курстары: 1 АКШ доллары - 87,44 сом; 1 евро - 102,03 сом;  1 орус рубли - 1,11 сом;